Төрага Асылбек Жээнбеков башында турган Жогорку Кеңештин делегациясы Нарын облусунда иш сапары менен болду. Депутаттар 19-март күнү Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы А.Карасартов атындагы сейил бакка барышты. Айта кетсек, бул сейил бакка 2010-жылдын 7-апрель окуясында курман болгон Адилет Карасартовдун ысымы ыйгарылган. Адилеттин ата-энеси сейил бакты көрктөндүрүп жана тегерегин тосуп коюу тилегин айтты. Асылбек Жээнбеков бул максатта ЖКнын төрагасынын фондунан жардам берилерин билдирди. Кошумчалай кетсек, 7-апрель окуясында Нарын облусу боюнча 25 адам каза болгон.