19-март күнү саат 17:03тө Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү 2,5 баллды түзүп, очогу Кара-Суу районундагы Кара-Суу айылында болгондугу белгилүү болду. Жер силкинүүнүн күчү Кара-Төбө жана Большевик айылдарына да жеткен. Кырсыктан жабыркагандар жок.