"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Жайыл айылына барчу жол 2 миллион сомго жакын каражатка оңдолуп, бирок жыл айланбай жараксыз абалга келген

Жайыл айылына барчу жолду оңдоого 1 миллион 960 500 сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Жайыл райондук администрациясынын адиси Мирбек Абирчороев SUPER.KG порталына 4-февралда билдирди.

"Ооба, Жайыл айылына барчу жол капиталдык оңдоп-түзөө иштерин талап кылат. Ал жергиликтүү маанидеги жол, республикалык бюджеттин эсебинен тейленет. Ошол маселени чечүү үчүн Жайыл райондук мамлекеттик администрациясы 2015-жылы Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жолго асфальт төшөп берүү өтүнүчү менен кат жолдогон. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Улан Уезбаев Кара-Балта-Большевик жолунун 8-11-чакырымдарына асфальт төшөө үчүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2015-жылкы куруу жана оңдоо, тейлөө иш планына киргизген.

2015-жылы май айында республикалык бюджеттен 1 миллион 960 500 сом бөлүнүп, №4-жол тейлөө ишканасы тарабынан жолго шагыл төгүлгөн. Ошого карабастан, жолдон унаа көп өткөнү үчүн кайра эле абалы начар болуп калды. Быйыл биздин администрация Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жолдун 8-11, 7-чакырымдарына асфальт төшөп берүү өтүнүчү менен эки жолу кайрылды",- дейт Мирбек Абирчороев. Ошондой эле жергиликтүү калк чогулткан каражат ошол эле жолго таш төшөө иштерине жумшалганын кошумчалады.

Ал эми депутат Динара Исаевага байланышканыбызда 1 миллион сомду республикалык бюджеттен бөлдүрүп бергени белгилүү болду. Депутат айымга Жайыл айылынын тургундары бул жол маселеси тууралуу кайрылышканын, ал Транспорт жана коммуникациялар министрлигине кат жолдогонун депутаттын жардамчысы айтты.

Эскерте кетсек, 2-февралда Жайыл айылынын тургуну SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу айылдагы жолдун соо жери жоктугун жазып жиберген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
sirgak_92
2016-02-07 15:15:09
190000 сом болуп калганын чонтоко сокту да
+1
evrazia
2016-02-07 15:22:57
Бутун жери калбаптырго!!
+5
MAN-CITY
2016-02-07 15:56:09
Бул жол асфальт болгонго окшобойтго.
+6
Rifle_2
2016-02-07 20:37:55
MAN-CITY,шагыл төгүлгөн деп жүрөт. Бирок кайсы акылдуу шагыл төгүп токтотуп койгон. Асфальт төшөлбөсө болбойт.
0
kirgizstan
2016-02-07 16:02:47
Мындай жол эч коргон эмесмин озунчо эле гулго
+8
Dadasdasd
2016-02-07 17:54:17
Гиннеске киргизгиле озгочо экен.
+3
Svoboda83
2016-02-07 18:55:05
Жон эле шылтоо кантип эле унаа коп журуп ушундай яма болсун акчаны жеп койуп арзан сапатсыз асфальт жаткызган кудайдан коркуп суйлош керек начар тошогон ошон учун яма кулкунуна жутушкан жолдун эмеси жаман уруп кетпесин жегенинер арам качан элди ойлойсунар бок курсак жеп жутарлар жолду коруп коркуп кеттим биринчи жолу корушум озунордун дачанарга ушундай тошогуло тажаттынарго
+2
Enjoy.kg
2016-02-07 21:41:17
Аиииий чын эле биринчи жолу корушум ))))). машина коп жургон Ош бишкек жолу деле мындай эмес го
0
Aibekaiym
2016-02-07 23:33:53
Жарым акчаны чонтокко урушту да эптеп бир нерсе чаптап тойбогон бочкалар,Элди эч Ким ойлобой калдыго!Жазында которулуш болбосо эле болду,Кыргыз Элим аман болгулачы.Жеп жутарлар отурган жерди жардырып эле салса баарын чогултуп туруп!!!
0
nura.177
2016-02-08 02:20:04
Ушуну ким жасатты,ким жооп бериш керек мыйзам чегинде,ушинтип журсок кантип онугобуз а, тим эле жаныбызды кашайтыштыго биздин чондорубуз
0
Taalai94
2016-02-08 08:00:02
Илме тешикко жол.
0
Aytur
2016-02-08 09:04:49
Калп эле жалганды келиштире айтып койдуда, бизда суйлонуп эле тим болдук.
0
tynkatar03
2016-02-08 11:55:38
50 оттенок черного
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан