Министр Абдулда Суранчиев "ИИМдин Академиясын реформалоо керек" дейт

19-мартта Ички иштер министри Абдулда Суранчиев Бишкек шаарынын ИИББнин өздүк курамы менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Анда министр республиканын ички иштер органдарын реформалоо жана алдыдагы иштердин пландары жөнүндө айтып берди. “Реформа жүргүзүү үчүн акча керек, бирок каражатты талап кылбаган иштер дагы бар. Жаш кызматкерлерге көңүл буруп, алар менен иштөө зарыл. Биз ички иштер органдарын реформалоо маселелерин изилдөөчү жумушчу топ түздүк. Бул комиссиянын ишинин жыйынтыгында жамааттык түрдө чечим кабыл алабыз”,- деди министр. Жолугушуунун жүрүшүндө Абдулда Суранчиев өздүк курамдын сунуштарын угуп, кызматкерлерди кызыктырган суроолорго жооп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан