Бишкек шаарындагы Жаш Гвардия бульварындагы Баатырлар аллеясына 10 көчө жарыгы орнотулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 35 миң сом каражат сарпталган бул жарык бергичтер “Бишкексвет” ишканасынын жардамы менен аталган бульвардын Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейинки аралыгына коюлду.