Бишкек шаарында күндүз иштеп, кечкисин окуган окуучулардын №7-мектебин оңдоо иштери аягына чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Белгилүү болгондой, учурда бул мектепти Октябрь райондук администрациясына өткөрүп берүү үчүн тиешелүү документтер даярдалууда. Жакынкы арада иштеп жаткан жаштар кечки окууларын кайрадан өз мектебинде уланта алышат. Оңдоо иштери жүрүп жаткан учурда аталган мектептин окуучулары шаардагы №14-мектептен билим алып келишкен.