Москвада кыргыз мигранттарынын көйгөйлөрүн талкуулаган тегерек стол болду
19-мартта Москва шаарындагы "Кыргызстан" соода-сатык көргөзмө борборунда кыргыз мигранттарынын көйгөйлөрүн талкуулаган тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага аталган шаардагы Федеративдүү миграциялык башкармалык кызматынын жана коомдук уюмдардын жетекчилери, мигранттардын иш бирликтеринен жана улуттук маданият борборунун мүчөлөрү катышты. Анда аталган башкармалыктын өкүлдөрү Орусиянын миграция саясатынын негизинде ишке ашып жаткан мигранттарга байланыштуу мыйзамдардын өзгөрүү себептерин түшүндүрүп беришти. Ошондой эле Орусия жарандыгын алуунун тартиптери, убактылуу жашоого уруксат алуу сыяктуу мигранттардын көйгөйлөрүнө байланыштуу актуалдуу суроолордун үстүндө талкуу жүрдү.