Абсамат Масалиевдин 80 жылдыгына карата 10-апрелде туулган Абсамат аттуу жарандарга белек берилет

12-апрелде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында белгилүү мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин 80 жылдык мааракесине арналган жыйын болот. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта А.Масалиев атындагы коомдук фонддун координатору Каныбек Абдыкадыров билдирди. Айтымында, аталган шаардагы К.Жантөшев атындагы драма театрда өтө турган жыйында мамлекеттик ишмердин Кыргызстанга кошкон салымы, жигердүү эмгеги талкууланат. “Ошондой эле мааракени утурлай ММКлар аркылуу А.Масалиев тууралуу 80 маалымат камтыган материалдарга сынак жарыяланат. Ошондой эле 10-апрелде туулуп, ысымы Абсамат аталган жарандарга өзгөчө белектер берилет”,- дейт Абдыкадыров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан