* Мындан 14 жыл мурун, 2002-жылы журналист Шералы Назаркулов каза болгон. Элдин бүтүндүгү үчүн Акаевдин бийлигине каршы чыгып, ошол кездеги депутат Азимбек Бекназаровду камакка алууга жана Кытайга берилген Үзөңгү-Кууш менен Аксы окуясына каршы пикирин айтып чыккан бир катар укук коргоочулар менен кошо Шералы Назаркулов ачкачылык кармап, 22 күндөн кийин дүйнөдөн кайткан.
Шералы Назаркулов 1950-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Чалма айылында туулган.
* Мындан 58 жыл мурун, 1958-жылы британиялык "British European Airways" компаниясынын учагы Мюнхендин аэропортунан бортундагы 44 адамы менен кырсыкка учураган. Учакта “Манчестер Юнайтед” футболдук клубунун оюнчулары, машыктыруучулары, күйөрмандары жана журналисттер болгон. Кырсыктан борттогу 44 адамдын 23ү каза болуп, калганы оор жаракаттарды алышкан. Ал эми футболдук клуб 8 оюнчусу менен кош айтышкан.
* Мындан 55 жыл мурун, 1961-жылы орусиялык "Биринчи каналдын" башкы директору, продюсер жана телеалпаруучу Константин Эрнст Москвада туулган. Ленинграддагы №34-орто мектепти аяктап, ал эми 1983-жылы Ленинград университетинин биология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун Илим изилдөө институтунда баштап, 25 жашында биохимия боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. 1988-жылы телевидение ааламына келип, Орусиянын эң ири телеканалы болгон "Биринчи каналдын" башкы директорлугуна чейин көтөрүлгөн.
* Мындан 12 жыл мурун, 2004-жылы Орусиянын баш калаасындагы "Автозаводск" метростанциясы менен "Павелецкий" станциясынын аралыгында Москва убактысы боюнча саат 8:30да катуу жардыруу болгон. Чечен террорчулары уюштурган жардыруудан 39 киши каза болуп, 120 киши ар кандай жаракат алган.
6-февралда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.