Жылнаама, 7-февраль: Мындан 66 жыл мурун обончу, ырчы Асанкалый Керимбаев туулган

* Мындан 66 жыл мурун, 1950-жылы обончу, ырчы Асанкалый Керимбаев Аксы районунун Иринжит айылында туулган.
1967-1969-жылдары Токтогул райондук элдик театрында артист болуп иштей баштаган. 1973-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. 1974-1984-жылдары Токтогул элдик театрында, кийин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында, Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде иштеген.
Асанкалый Керимбаев 100гө жакын обондун автору. Анын "Муңдашым Мунар, кайдасың?", "Кусалык", "Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат", "Сулуулар", "Ак булуттар" ж.б. ондогон обондору эл оозунда ырдалып келет.

* Мындан 38 жыл мурун, 1978-жылы актёр жана ди-джей Камчыбек Сарыбаев Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Ак-Сай айылында төрөлгөн. Ал 8-классты бүткөн соң Бишкектеги Суворов атындагы аскердик окуу жайына тапшырып, бирок аягына чейин окуган эмес. Кийин Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна тапшырган. Окуусун аяктагандан кийин куудулдар театрында иштеп, ошол эле убакта "Кыргызстан Обондору" радиосуна ди-джей болуп кирген. Андан соң Кыргыз драма театрында эмгектенип, "Карт бойдок", "Боз салкын", "Участковый", "Жигитим Аяз ата" ж.б. тасмаларда роль жараткан.
Камчы Сарыбаев 2010-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жылдын супер актёру" наамын алган.

* Мындан 45 жыл мурун, 1971-жылы теги корей болгон орусиялык ырчы, телеалпаруучу Анита Цой Москвада төрөлгөн. Анита Цойдун өз аты - Анна Сергеевна Ким. Анита деген лакап ат менен ырчылык карьерасын 1997-жылы баштаган. Жолдошу Москва шаарынын мэриясында иштегенине карабастан, Анита эстрададан жылдызы жана электе базарда кийим сатып соода кылган.
Анита Цой поп-рок, R&B ж.б. стилдериндеги ырчы катары белгилүү болгон. Ал үч ирет "Алтын граммофон", эки жолу "Овация" өңдүү сыйлыктарга ээ болуп, 2003-жылы "Орусиянын Эмгек сиңирген артисти" наамына жеткен. Анита Цой "Цирк со звёздами", "Один в один" сыяктуу программаларга катышып, белгилүү телеканалдарда телеалпаруучу болуп иштеп келген.

* Мындан 38 жыл мурун, 1978-жылы америкалык актёр, модель, алып баруучу жана продюсер Эштон Кутчер АКШнын Айова штатындагы Сидар-Рапидс шаарында төрөлгөн. Эштон 13 жашка толгондо ата-энеси ажырашып, агасы Майклдын жүрөгүн алмаштыруу үчүн операция жасалгандыктан, үй-бүлөсү материалдык кризиске учураган. Ошол кезде Эштон Айова штатындагы колледждердин биринде билим алып жүргөндүктөн, окуусуна акча табуу үчүн кечкисин жергиликтүү заводдордун биринде катардагы кызматкер болуп иштеген. Ошол күндөрдүн биринде Эштон Кутчерге модель болуу сунушу түшүп, ал эми 1998-жылдан тартып актёрлук карьерасы башталган. Актёр "70-жылдардын шоусу" ("Шоу 70-х"), "Бобби", "Куткаруучу" ("Спасатель"), "Эски Жаңы жыл" ("Старый Новый год") ж.б. тасмаларда роль жараткан.

7-февралда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KursKG
2016-02-06 22:34:45
Асанкалый Керимбаевтин ырлары, обондору сонун, уккум келе берет.
+4
Medina87
2016-02-07 03:36:15
Асанкалый Керимбаевдин "Кусалык" аттуу ырын Айнагул Сарыкова эжекенин аткаруусунда угуп аябай жаккан.
Урматтуу Админ! Сиздерден сураныч; Айнагул Сарыкова эжекенин аткаруусундагы чыгармалардан жарыялап коё аласыздарбы же шилтеме кайдан табуума болот?? Алдын ала рахмат !!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан