ИИМдин башчысы Абдулда Суранчиев менен АКШ элчилигинин өкүлдөрү коопсуздук маселесин талкуулашты
20-мартта Бишкек шаарында Ички иштер министри Абдулда Суранчиев АКШ элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда тараптар ИИМ жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин тыгыз байланыштагы иш-аракеттеринин келечеги жөнүндө жана коомдук тартипти көзөмөлдөө, коопсуздукту камсыздоого байланышкан бир катар маанилүү маселелер тууралуу сүйлөшүштү. Жолугушууга элчилик тараптан укук коргоо маселелери боюнча ага кеӊешчиси Роберт Коберн, саясий-экономикалык бөлүмүнүн кеӊешчиси Ла Жун Барнс жана саясий- экономикалык бөлүмдүн ага асистенти катышты.