Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Ага өлкөбүздүн премьер-министри Темир Сариев, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиев, биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев, КРнын Президентинин Аппаратынын башчысы Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков жана маркумдун жакын санаалаштары катышып жатышат. Маркумдун сөөгү бүгүн, 6-февралда Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.
С.Жусуев 1925-жылдын 15-майында Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүндө жайгашкан Кызыл-Жар кыштагында туулган. Ал 60ка жакын китептин автору, айрым чыгармалары орус, тажик, түрк, өзбек, кытай жана башка тилдерге которулган. Ошондой эле Шекспир, Сулейманов, Гамзатов, Есенин, Махтумкули өңдүү акын-жазуучулардын чыгармаларын кыргыз тилине которуп, окурмандарга тартуулаган.
Акынга ыр менен жазылган "Курманжан датка" романы үчүн Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык, "Моя жизнь" деген китеби үчүн А.Фадеев атындагы сыйлык ыйгарылган. Согуштагы эрдиктери жана чыгармачылык эмгектери үчүн Ата Мекендик согуш ордени, Даңк, "Эмгектеги артыкчылыгы" медалдары, Кыргыз ССРинин Ардак грамоталары менен сыйланган. "Кыргыз Эл акыны", "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамдары берилген.