"Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун акцияларын сатууда калыстык болуш керек
Ушул жылдын 4-майында "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун акциялары аукцион аркылуу сатылары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун расмий сайтында жарыяланган.
Фонддун берген маалыматына таянсак, "Альфа Телеком" ЖАКынын 7800 сатуу пункту, облустар боюнча 7 регионалдык бөлүмү, 31 фирмалык салону бар. 2015-жылдын 30-июнундагы көрсөткүчү боюнча, анда 1263 адам эмгектенип, абоненттик базасы 2 миллион 829 миң адамды түзөт. Аукциондо "Альфа Телеком" ЖАКынын акцияларынын баштапкы баасы 18-19 миллиард сомго барабар болот.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун коллегиясында вице-премьер-министр Олег Панкратов уюлдук байланыш кызматын "Мегаком" соода маркасынын алдында көрсөтүп келген "Альфа Телеком" ЖАКынын 100 пайыз акцияларынын сатылуусу таза, ачык жана калыс болушу керектигин айтты.