Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин коллегиясы 3-февралда болуп өттү. Анда 2015-жылдагы аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, Байланыш агенттигинин 2016-жылга карата иш планы каралды. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
"Байланыш агенттигинин аткарган иши 2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясында көрсөтүлгөн иш-чараларды ишке ашырууга багытталган. Бул болсо өлкөнүн аймактарын магистралдык булалуу-оптикалык линиялар менен камсыз кылуу, санариптик телерадио берүүгө өтүү, байланыш рыногундагы атаандаштык рынокту өнүктүрүү максатында радио жыштык спектринин натыйжалуу колдонулушун камсыз кылуу",- деп белгиледи агенттиктин башчысы Чыңгыз Бекташов.
Отурумдун жүрүшүндө 2016-жылга карата аткарыла турган иштердин негизги багыттары жана артыкчылыктуу маселелер аныкталды. Байланыш агенттиги ушул жылы КР санариптик телерадио берүүгө өтүүнү аяктоо, КР Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте өлкөнүн мектептерин интернет менен камсыз кылуу маселесин иштеп чыгууну, мобилдик байланыш операторлорунун кызматтары көрсөтүлбөгөн магистралдык автоунаа жолдорун жана калктуу конуштарды уюлдук байланыш менен камсыз кылууну улантууну жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн, интернет жана санариптик телекоммуникациясынын сапатын жакшыртууну, ошондой эле 4G байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн камтуу аймагын кеңейтүүнү пландаштырууда.