Бүгүн, 6-февралда Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сооронбай Жусуевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Маркумду акыркы сапарга узатууга Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, өкмөт башчы Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү, президенттин аппарат башчысы Фарид Ниязов, акын-жазуучулар, санаалаштары жана жакын туугандары катышты.
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын алдында өткөрүлгөн митинг-реквиемде өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин атынан Фарид Ниязов сөз сүйлөп, акындын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана замандаштарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшө турганын билдирди.
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков маркум Сооронбай Жусуев биздин доордун залкар акыны гана эмес, кыргыз маданиятында, улуттук адабиятта өзүнчө бир чыгармачыл мектепти түптөгөн улуу устат болгонун баса белгиледи.
"Жогорку Кеңештин атынан акындын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана замандаштарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Тубаса таланты, поэтикалык даремети күчтүү, поэзия дүйнөсүндө жаңы чыйыр салып, даңгыр жолго айланткан, өзүнчө чыгармачылык мектеп түптөгөн акындар чанда кездешет. Алардын көч башында Сооронбай Жусуев турат. Тагдырдын жазганына айла жок экен, анын күлгүндөй курагында согуш оту тутанып, кан майданга аттанды. Улуу Ата Мекендик согуш алааматында айтылуу Панфилов дивизиясынын катарында салгылашып, катаал күндөрдү баштан кечирди. Акындын чыгармачылык тушоосу да дал ошол согуш талаасында кесилип, кийин өмүрүнүн акырына чейин поэзия майданында талыкпай эмгектенди. Анын:
“...Так түшүнүп таалайым ырда экенин,
Татаал жолдуу сапарга камынганмын.
Ыйык максат алдымдан шамдай жанып,
Ыр дүйнөлүү тагдырга кабылганмын”,- деген ыр саптарынан эле акындын жашоодогу башкы максаты, поэзияга болгон чексиз сүйүүсү, аяр мамилеси билинет.
91 жашка карап, анын 73 жылын жалаң чыгармачылыкка арноо ар кимдин эле бешенесине жазыла бербейт. Ал үчүн Жараткан ыроологон сейрек талант, кажыбас кайрат, талыкпаган эмгек керек. Бул дагы Сооронбай Жусуевдин акындык арымынын канчалык кенен экенин, көп кырдуу талант дареметинин бийиктигин ырастайт. Кыргыз элинин далай мууну Сооронбай Жусуевдин керемет чыгармаларын окуп жетилди. Анын ичинде биз да барбыз. Акындын 30дан ашуун ыр жыйнагы өз окурмандарын тапты. Курманжан датка менен Исхак Раззаковдун тарыхый бейнесин ыр түрүндө жазылган роман менен ачып бериши кыргыз поэзиясында чоң жаңылык болду.
Сооронбай Жусуевдин ырлары дүйнөнүн 30дан ашуун тилине которулуп, анын ичинде 14 китеби орус тилинде жарык көргөн. Сооронбай атабыздын чебер котормочулугунун аркасында Шекспир, Пушкин, Лермонтов, Гамзатов сындуу дүйнөлүк дөө-шаалардын чыгармачылыгы менен кыргыз окурмандары жакындан таанышты. Сооронбай Жусуев залкар акын, чебер котормочу гана эмес, кыргыз адабиятында өзүнчө бир чыгармачыл мектепти түптөгөн улуу устат да болгон. Анын шакирттери улуттук маданияттын казынасын байытууга бараандуу салым кошуп жатышат. Ал эми анын калеминен жаралган 70тен ашык ырына обон жаралганы өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Алар азыркыга чейин эл оозунда ырдалып келе жатат.
Сооронбай атабыз нарктуу, маңыздуу жашады",- деди Жээнбеков.
Премьер-министр Темир Сариев Сооронбай Жусуевдин кыргыз адабияты, маданиятында өзгөчө орду бар экенин белгилеп, маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана окурмандарына көңүл айтты.
“Сооронбай атабыз бийик адамгерчилиги, тактыгы, калыстыгы, сыпайылыгы, маданияты менен калкына жаккан, чыгармачылыктын байсалдуу жолун баскан, ошол чыгармачылыгы менен кылымдар бою өлбөстүк тапкан адам эле.
Сиз сөздүн гүлүн терип, каймагын калпып, туулган жердин жаратылышынын сүрөтүн тарттыңыз, адамдын жан дүйнөсүн байытып, турмуштун татаал сырларын ыр менен ачтыңыз. Акыркы демиңиз сууганча ыр менен жашап, ыр менен өмүр кечирдиңиз”,- деди Темир Сариев.
Митинг-реквием жыйынтыкталган соң маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Сөөгүн жерге берүүгө баргандар кезек менен ар бири топурак салды. Андан соң гүлчамбар коюлуп, куран окулду.
Эл акыны быйыл май айында 91 жашка чыкмак. Сооронбай Жусуев узакка созулган оорудан 4-февралда каза болгон.
С.Жусуев 1925-жылдын 15-майында Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүндө жайгашкан Кызыл-Жар кыштагында туулган. Ал 60ка жакын китептин автору, айрым чыгармалары орус, тажик, түрк, өзбек, кытай жана башка тилдерге которулган. Ошондой эле Шекспир, Сулейманов, Гамзатов, Есенин, Махтумкули өңдүү акын-жазуучулардын чыгармаларын кыргыз тилине которуп, окурмандарга тартуулаган.
Акынга ыр менен жазылган "Курманжан датка" романы үчүн Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык, "Моя жизнь" деген китеби үчүн А.Фадеев атындагы сыйлык ыйгарылган. Согуштагы эрдиктери жана чыгармачылык эмгектери үчүн Ата Мекендик согуш ордени, Даңк, "Эмгектеги артыкчылыгы" медалдары, Кыргыз ССРинин Ардак грамоталары менен сыйланган. "Кыргыз Эл акыны", "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамдары берилген.