Бүгүн, 20-мартта Ак үйдүн чатырында 7-апрель окуясына байланыштуу соттун көчмө жыйыны болуп жатат. Ага соттук-тергөө экспертизаны өткөрүү үчүн адис Орозбай Колубаев жана эксперт Павел Берхтольд чакырылган. Сот ишине төрагалык кылуучу судья Дамир Оңолбеков сот процессинин катышуучуларына экспертке жана адиске суроо берүүгө тыюу салды. Бул текшерүүлөр айыпталып жаткан "Альфа" атайын даярдыктагы аскерлер бөлүгүнүн снайперлеринин "Ак үйдүн чатырынан "Ала-Тоо" аянтындагы адамдарды атууга мүмкүн эмес, тиешелүү аймак 2-кабаттан гана көрүнөт" деген билдирүүлөрүнүн негизинде өтүп жатат.