Бишкектеги Полиция шаарчасынын тургундары таштандыларды агын сууга ташташууда. Бул тууралуу окурман бүгүн, 6-февралда WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына кабарлады.
"Горький менен Чолпон-Ата көчөлөрүнүн кесилишинин өйдө жагындагы Полиция шаарчасынын тургундары таштандыны каякка төгөрүн билбей, "Ала-Тоо" совхозунан түшкөн агын сууга таштап жатышат. Аккан сууну качан кыргыз булгачу эле? Анын ылдый жагындагы айдоо жерлер дал ушул суу менен сугарылат. Сууну тазалоочу технология жок. Жазында суу көтөрүлсө, таштандылар аны менен агат",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.