Нарын шаарында банк күзөтчүсү өз аялын атып алды

19-март күнү саат 08:00 чамасында Нарын шаарындагы банктардын биринин күзөт кызматкери этиятсыздыктын айынан өз аялын атып алды. Учурда окуянын чоо-жайын иликтөө иштери жүрүүдө. Маалыматка таянсак, күзөт кызматкери тапанчасын текшерип жатып, кокустан ок чыгарып алган. Көкүрөгүнө тийген октон 1992-жылы туулган Б.кызы Г. окуя болгон жерден көз жумду. Кылмышка шектүүнүн айтымында, аялы үйдө жалгыз калгандыктан, аны жумушуна чакырып алган. Учурда 1987-жылы туулган айыпталуучу Т.уулу М. аттуу жаранга кылмыш иши козголду.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
menedjer
2013-03-20 13:56:18
Кудай сактасын
0
allan
2013-03-20 14:48:09
кокустуктан ок атылса,экооно тен боорум ооруп кетти...эми байкуш соттолот да?соттолбогон кундо да,аябай кыйналат болуш керек.аялымды атып алдым деп....
0
Baktyyar
2013-03-20 23:31:26
Иий байкуш жаткан жери жайлуу болсун .. Бмйкуш кыз бир гулу ачылбай жаш кетиптир ..терен кайгыруу менен конул айтам туугандарына
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан