Ысык-Көл. Каракол шаарындагы арыктарды оңдоого жергиликтүү бюджеттен 5,5 миллион сом бөлүнөт

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы суу жүрүүчү арык маселесин толук чечүүгө быйыл жергиликтүү бюджеттен 5,5 миллион сом бөлүнүүдө. Бул тууралуу Каракол шаардык кеңешинин депутаты Эрлан Айсаракунов билдирди. Айтымында, арык маселеси чечилбегендиктен, отургузулган балаты, көчөттөргө суу толук жетпегендиктен өспөй келет. "Каракол шаарында 14 чакырым арык бар, бирок аларга тийиштүү көңүл бөлүнбөй келет. Арыктарды оңдобой туруп көчөт тиккендин пайдасы жок, жөн гана чыгаша алып келет. Ошол себептен быйыл арыктар оңдолмоюнча көчөт тикпейбиз",- дейт Айсаракунов. Шаардагы "Тазалык" ишканасынын маалыматы боюнча, былтыр Каракол шаарына 400 түп кызыл карагай, 20 миң терек отургузулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан