19-мартта Бишкек шаарында жүргүзүлгөн рейд учурунда көчөлөрдөгү талапка жооп бербеген жана мыйзамсыз илинген 19 даана көрнөк-жарнак алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Рейд шаардагы Чүй проспектисинде “Тазалык” ишканасынын өкүлдөрүнүн аракети менен жүргүзүлдү.
Айта кетсек, мындай иш-чара мэриянын “Бишкек шаарынын көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу чаралары” токтомунун негизинде уюштурулууда.