Бишкекте доллардын курсу кайрадан көтөрүлдү

Кечээ, 7-февралда Бишкектеги айрым акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу кескин төмөндөгөн. Акча алмаштыруучу жайлар 1 долларды 70 сом 50 тыйындан сатып алып, кайра 71 сом 50 тыйындан сатып жатышкан. Бүгүн, 8-февралда (саат 9:00гө карата) 1 долларды 73 сом 20 тыйындан сатып алып, 74 сом 50 тыйындан сата башташты.

2015-жылдын декабрь айында доллардын курсу кескин көтөрүлүп, 1 доллардын сатылышы 78 сомдон ашып кеткен. Улуттук банк курстун деңгээлин бир калыпта кармап туруу үчүн жалпы 260 миллион доллардан ашуун акчаны сатыкка чыгарган. Андан бери 7-февралга чейин да интервенция жасап, курсту тең салмакта кармап турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Farm94
2016-02-08 09:43:13
Бул бизнес
0
Wave.
2016-02-08 10:00:24
Кечээ айткамын, сомунар болсо тезирээк доллар алып койгула деп. Кимдир бироолор аябай иштеп атышат, айрыкча спекулянттар...
+3
Rifle_2
2016-02-08 12:21:27
Кредиттер сомго которулдубу ? Жазып койсоңор, кандай курс менен которулду.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан