Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия көрнөк-жарнактарга болгон көзөмөлдү күчөтүү максатында рейддерди байма-бай өткөрүүдө. Муну бүгүн, 8-февралда аталган мекемеден билдиришти.
КРнын «Мамлекеттик тил жөнүндө» жана «Жарнама жөнүндө» мыйзамдарын бузуу менен илинип турган көрнөк-жарнак, жазуу-сызуулар боюнча ошол райондун администрациясына жана прокуратурасына кайрылуу жасалмакчы. Ошондой эле ушул өңдүү рейддер күчөтүлөрүн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, бул жолку рейд Бишкек шаарынын Ленин районунда болду. Январь айынын соңку жумасында Октябрь районунун аймагында рейд жүргөн.