Бишкек шаарында тоноочулукка шектелип эки жаран кармалды

Бишкек шаарында тоноочулукка шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 41 жаштагы Ш.Урматбек кайрылган. Анда ал 30-35 жаштар чамасындагы белгисиз жарандар Чүй жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен күч колдонуу менен уюлдук телефонун тартып алышканын айткан. Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 28 жаштагы К.Азамат жана Ысык-Көл облусунун 26 жаштагы Н.Болотбек аттуу тургундары кармалган. Учурда бул фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Inna_91
2016-02-08 13:18:57
Суроту кана уурулардын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан