Бишкекте кылмышка шектүү тоногон батирди милиция кызматкерлерине көрсөтүп жатып 7-кабаттан секирип каза тапты

Бишкек шаарында кылмышка шектүү тоногон батирди милиция кызматкерлерине көрсөтүп жатып 7-кабаттан секирип каза тапты. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 8-февралда SUPER.KG порталына Свердлов райондук прокуратурасынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, окуя 6-февраль күнү орун алган. Анда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Чыгыш-5 кичи районундагы тонолгон батирлердин бирине кылмышка шектүүнү алып келишип, ал милиция кызматкерлерине кайсы жерден жана кантип уурдаганын көрсөтүп берип жаткан. Кылмышка шектүү кызматкерлерди алаксытуу менен 7-кабаттын балконунан секирип кеткен. Оор жаракаттардан улам ал окуя болгон жерден каза тапкан.

Учурда бул факт боюнча Свердлов райондук прокуратурасы иликтөө иштерин жүргүзүп, кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
gumaomar
2016-02-08 12:23:08
андай кезде наручниктин бир жагы кылмышкерге екинчи жагы милициянын колунда болуш керек элего
+21
Dina89
2016-02-09 01:31:15
gumaomar, Эн тура айтыпсын
0
aikol87
2016-02-08 12:27:26
Намыстанып кеткен окшойт, уурдаганына.
+2
Donni92
2016-02-08 12:36:20
Мындай учур болот кинодо да ушинтип көргөзүп жатып терезеден качып кетет ошол боюнча кызметкерлерінің колго түшүрө алышпайт!
+1
Boldukan86
2016-02-08 12:37:17
кыйынчылыктарын эстеп андан коро олуп кутулайын дегенго. башында ойлонуп иш кылыш керекда жакшы эмес. озун олтурду
+3
BekAmir
2016-02-08 13:03:31
Кандай шалтурук милициялар,колундагы адамды секиртип...
+4
Baian
2016-02-08 13:06:14
Озу секирдиби де милициялар туртуп жибериштиби?Балким уурулукта милициянын тиешеси бар болуп айыбы ачылбаш учун туртуп жиберишти...Кудай билет бир чындыкты!
+3
avaz-t02
2016-02-08 13:07:23
Секирип кетти деп коюшту да! Бизде иштин бетин ачуу артынан жаап койуу оной эле болуп калды. Тап такыр куноосуз адам болуусу да мумкун! Бир кудай билет ким эле, эмне болгонун!
0
Inna_91
2016-02-08 13:17:07
Суроту кана
0
Inna_91
2016-02-08 13:17:31
Адам козу менен коргондо ишенет
0
Flander
2016-02-08 13:53:15
Мындай окуяларды мен бала кезде кинодон көрчү элем.Азыр жанымда эле болуп жатат.
+1
Ba-xa
2016-02-08 21:06:44
балим милиция кызматкерлери оздору ыргытып жиберген
+2
maks83
2016-02-08 21:13:20
кишен м.н журуш керек да.ыргытып жибериши мункун,ким билет.
+1
Makain
2016-02-09 02:31:32
Негизи кишен менен журот. Органдагылар шалаакы мамилеси учун жообко тартыш керек.
-1
apam
2016-02-09 04:56:33
мына сагаа
+2
Aselya2891
2016-02-10 01:12:50
Озунор ошол жерде жургондой,карап тургандай эле жазыптырсынар да. Эми озу секирсе да милиция куноолу болобу. Андан коро ууруну талкуулабайсынарбы! Элестетип атам милициялар колу-бутунан алып ыргытып атканын.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан