Бишкекте дүкөнчүнү тоноого шектелип жашы жете электердин тобу кармалды

Бишкек шаарында дүкөнчүнү тоноого шектелип жашы жете электерден турган топтун мүчөлөрү кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-февраль күнү саат 19:30 чамасында Чүй кең көчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн бирине белгисиз адамдар кирип, күч колдонуу менен И.Наргиза аттуу сатуучунун 7 миң сом акчасын алып кетишкен. Бул факт боюнча "тоноочулук" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 17 жаштагы О.Ибрагим,
Б.Нурсултан,
М.Салимжан жана 16 жаштагы Т.Хажимурат кармалган. Учурда иликтөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Inna_91
2016-02-08 13:16:13
Ата энеси тарбия берген эместа же ата энеси жок бейбаш балдар болсо керек кана суроттору кызык ишенгинда келбейт
+1
boika85kg
2016-02-08 16:32:36
Бугун эмне тоноочулар кунубу бут элэ тоноп кетти уурдап кетти жакшы жанылык деле болбой калдыго кыргызстаныбызда..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан