Новосибирск облусунда мыйзамсыз түрдө тамеки аралаштырылмаларын тараткан 31 жаштагы кыргыз аял кармалды

Орусиянын Новосибирск облусунда мыйзамсыз түрдө тамеки аралаштырылмаларын тараткан топ кармалды. Орусиянын Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка таянсак, бул топтун башчысы катары 31 жаштагы кыргыз жараны кармалды. Өзү шаардык каттамдардын биринде кондуктор болуп иштегенин айткан аял 41 жаштагы жолдошу баңгизаттарды колдонуп жүргөнүн билдирген. Ошондой эле жолдошу эч жерде иштебестигин кошумчалаган.

Ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүүдө кармалган аял жумасына эки жолу бул заттын дүң партиясын алганы жана үйүндө үч баласын караганча аралаштырмаларды сатыкка даярдаганы аныкталган. Аны маңзат колдонуучуларына сатып турган.

"Маңзатты сатууну кеңейтүү максатында жергиликтүү автомеханик менен биргеликте иштешкен. Мыйзамсыз бул иштин артынан ал Мерседес үлгүсүндөгү унааны алууга жетишкен. Ал унаа менен жолдошу маңзаттарды алуучуларга жеткирип берип турган. Ошондой эле өзүнүн коопсуздугу үчүн эки сакчы жалдап алган.
Автомеханик өзүнүн үйүнүн жанында маңзатты таратып жатканда, аял өз үйүнөн кармалган. Текшерүү учурунда тиешелүү каражаттар жана балдарынын кийимине оролгон маңзаттар табылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду",- деп айтылат маалыматта.

Кармалган аялдын балдары атайын мекемеге жайгаштырылып, аларды камкордукка алууну укук коргоо органдары чечмей болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Inna_91
2016-02-08 14:17:36
Жашоо буттуго эми камалса керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан