Борбордогу акча алмаштыруучу жайлардын бирине кол салуу болуп, андан 36 миң доллар акчаны алып кетишти

Борбордогу акча алмаштыруучу жайлардын бири тонолуп, андан 36 миң доллар уурдалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Байтик баатыр жана Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан акча алмаштыруучу жайына 6-февраль күнү кол салуу болгон. Анда бет кап кийген эки белгисиз адам акча алмаштыруучу жайдын кызматкерин ур-токмокко алып, 36 миң доллар акчаны алып кеткен.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө жүрүүдө. Кылмышкерлерди издөө иштери азырынча натыйжа бере электиги маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Inna_91
2016-02-08 14:19:56
36 мин долларды эми эмне кылышат мен тан калдым
-7
ooki8888
2016-02-08 17:48:59
Inna_91,
Тангалчу нерсени тапкан экенсин...
-1
Maripa
2016-02-08 14:20:56
Ууру алыстан келбейт. Айланасындагылар эле кылды окшойт?
+3
zoichka
2016-02-09 00:03:50
Акча менен иштеш ото коркунучтуу да
-1
edik.toloikon
2016-02-09 01:09:44
Элдин балдары ушинтип эле байып кеттат
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан