Токтогул районунун Кара-Тектир айылындагы бала бакча учурда кооптуу абалда турат. Бул тууралуу 8-февралда Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган жай буга чейин чакан мектеп болгон, азыркы тапта 100 бала тарбияланган бакчада эч кандай коопсуздук эрежелери каралган эмес.
"Өрт коопсуздугу боюнча инспектор Абилмолдокасан Ожураев жаратылыш кырсыктары болуп кетсе, бул имарат туруштук бере албай турганын белгиледи. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү каражаттын жетишсиздигин айтып чара көрбөй жатышканын кошумчалады. Коопсуздук маселеси чечилбесе, бала бакча жабылышы мүмкүн",- деп айтылат маалыматта.