Жалал-Абадда бир катар коррупциялык фактылар боюнча кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу 8-февралда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2015-жылы Жалал-Абад шаарында бир канча мамлекеттик кызмат адамдары мыйзамсыз түрдө материалдык байлыктарды таратуу, тагыраак айтканда, жер тилкелерин менчиктештирүү иштерин жүргүзүүдө коррупциялык схема түзүп алышкан. Анда Жалал-Абад шаардык мэриясынын, шаардын Архитектура башкармалыгы, ЖАМК жана Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери 1 гектар жер тилкесинин менчикке өтүп кетүүсүнө жол беришкен. Мындан улам мамлекетке 1 миллион 78 миң сом зыян келтирилген. Факт боюнча Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан "коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголду.