Бүгүн, 20-мартта Ак үйдүн чатырында 7-апрель окуясы соттун көчмө жыйыны болуп өттү. Ага аталган окуяга тиешеси бар бир нече адам катышты. Алардын бири "Мекен шейиттери" коомдук уюмунун жетекчиси Өсүнбек Жамансариев. Ал иш-чара учурунда буларга токтолду: “Сотто Ак үйдүн чатырында болгон 7 аскер көрсөтмө берген. Бүгүн алардын көрсөтмөлөрү туура эмес экендиги белгилүү болду. Ак үйдүн чатырынан Чүй, Логвиненко, Панфилов көчөлөрү жана Ак үйдүн тегереги алаканга салгандай эле көрүнөт экен. Менимче, чатырдан ок атууга мүмкүн".