Бишкекте МАИ кызматкери жөө жүрүүчүнү сүзүп, ал окуя болгон жерден каза болду. Маалыматты 8-февралда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинен тастыкташты.
Маалыматка караганда, окуя 7-февраль күнү Лебединовка айылынын Жеңиш көчөсүндө болжол менен саат 01:50дө болгон. Анда Лексус 470 үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бараткан 34 жаштагы Ж.Улан аттуу МАИ кызматкери азиат улутундагы 30-35 жаштардагы адамды сүзгөн. Жөө жүрүүчү алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден көз жумган. Бул боюнча кылмыш иши козголду.