Жалал-Абад. Элдик кошуундар Ардак грамоталар менен сыйланышты

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында эмгектенген кызматкерлер арасында өткөн сынакта жылдын мыктыларына ИИМ тарабынан акчалай сыйлыктар жана Ардак грамоталар тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы ИИМдин мыкты облустук Ички иштер башкармалыктарынын ичинен 2-орунду ээлеп, Ардак грамота жана 20 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Элдик кошуундарга жана аймактык башкармалыктардын башчыларына атайын Ардак грамоталар жана алкыш баракчалары тапшырылды.

Иш-чарада Жалал-Абад ОИИБинин башчысы, милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков: “Милиция менен элдин кызматташуусу үчүн көрсөтүп жаткан колдооңуздар жана калк арасында милицияга болгон ишенимди арттырууга болгон салымыңыздар үчүн чексиз ыраазымын. Ар дайым ынтымакта иштешип, кылмыштуулуктун алдын алууда күч түзүмдөрү болгон күчүн жумшап келет”,- деп айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан