Санкт-Петербург шаарында 7-кабаттан секирип каза тапкан айымдын 3 айлык кызынын абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда жергиликтүү массалык маалымат каражаттары Филатов атындагы
№5-балдар ооруканасына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 6-февраль күнү энесинен айрылган наристе жандандыруу бөлүмүнөн нейрохирургия бөлүмүнө которулган. "Азыркы учурда баланын абалы туруктуу, тиешелүү медициналык жардам берилүүдө",- деп айтылат маалыматта. Дарыгерлердин айтымында, ымыркай баш мээсинен, ичинен жана денесинен ар түрдүү майда жаракаттарды алган.
Каза болгон аялдын 7 жаштагы уулу бар экени, ал кызын төрөгөндөн кийин депрессияга кабылып, өзүнө келе албай жүргөнү айтылууда.
Айта кетсек, каргашалуу окуя 2-февраль күнү түнкү саат 03:00 чамасында болгон. Анда Санкт-Петербург шаарына мындан 2 жыл мурун кыргыз жеринен көчүп барган 1980-жылы туулган Ирина Романова 3 айлык кызы менен 7-кабаттан секирип каза тапкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери улантылууда.