Кайра иштетүүчү өнөр жайды өнүктүрүүгө жеңилдетилген насыя берүү каралууда

КРнын Өкмөтү кайра иштетүүчү өнөр жайды өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыяларды бөлүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн, 20-мартта Чүй облусуна болгон иш сапарында билдирди. Анын айтымында, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин реформалоонун алкагында өкмөт кайра иштетүүчү өнөр жайдын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурат. "Аталган министрликте май айында реформа жүрүп, кайра иштетүү өнөр жайы боюнча министрдин орун басарынын кызматы түзүлөт. Андан сырткары дыйкандарга 4,5 миллиард сомдук жеңилдетилген насыянын 878 миллион сому берилди",- деди Сарпашев.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан