№50-СИЗОдон кылмышкерлердин качуусу боюнча "шалаакылык" беренеси менен айыпталган кызматкерлер Т.К. жана Ж.С., ошондой эле аталган абактын мурунку жетекчиси Иманкул Телтаевдин өлүмүнө байланыштуу Бишкек шаардык №1-СИЗОнун жетекчиси Б.Тга козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 8-февралда билдирди.
Эскерте кетсек, 2015-жылы 12-октябрга караган түнү №50-СИЗОдон кылмышкерлер качып чыгып, Бишкек дүрбөлөңгө түшкөн. Түрмөдөн качкандар жок кылынып, бирөөсү колго түшкөндөн кийин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Алик Мамыркуловдун буйругу менен "коом үчүн коркунучтуу кылмышкерлердин түрмөдөн качуусуна жеткирген олуттуу каталарды кетиргени үчүн" деп №50-СИЗОнун бир топ жетекчилери иштен алынган. Алардын катарында Иманкул Телтаев 14-ноябрда камакка алынган. И.Телтаев 20-ноябрь күнү №1-СИЗОнун медициналык-санитардык бөлүгүндө өз шейшеби менен асынып алган. Анын күзөтчүсү жок отурганы аныкталып, факт боюнча кылмыш иши козголгон.