Бүгүн, 8-февралда саат 16:24 чамасында кыргыз жеринде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жер титирөөнүн очогу Кегети айылынан түштүккө карай 15 чакырым, Карагай-Булак айылынан 18 чакырым, Ысык-Ата курортунан түштүк-чыгышка карай 20 чакырым, Бишкек шаарынан түштүк чыгышка карай 55 чакырым аралыкта орун алды. Жер силкинүү Карагай-Булак, Ысык-Ата, Пригородное, Кегети айылдарында - 3,5 балл, Юрьев айылында - 3 балл, Бишкек шаарында 2,5 - 3 баллга сезилди.