Ысык-Ата районунда жылкы уурдоого шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Ысык-Ата районунун С.Ф. аттуу тургуну кайрылган. Ал белгисиз жаран анын сарайынан 1 баш жылкысын уурдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын Салиева көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин С.А. аттуу тургуну кармалган.
Ушундай эле факт Ноокат районунда да катталган. Анда милицияга арыз менен аталган райондун тургуну М.М. кайрылган. Анда ал 2015-жылдын октябрь айында Папан айылынын талаасынан 2 баш кою уурдалганын айткан. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары коңшу айылдын тургундары А.Ч. жана М.Т. кармалган. Учурда бул фактылар боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.