Чүй облусунун Аламүдүн районунда айылдашын өлтүргөнгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБине Баш-Кара-Суу айылында 5-февраль күнү саат 20:50 чамасында белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында каза болгон жаран 50 жаштагы У.А. аттуу жергиликтүү тургун экени аныкталган.
Кылмышка шектүү катары мурда сот жобуна тартылган 67 жаштагы Ж.А. кармалды. Белгилүү болгондой, маркум менен кылмышка шектүү алкоголдук ичимдиктерди ичип отуруп, ортосунда пикир келишпестик чыккан. Натыйжада кармалган жаран маркумду бир нече жолу бычак менен сайып салган. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.