"Таанышын сабап, өлүмүнө себепкер болгон" деген шек менен борбор калаанын тургуну кармалды

"Таанышын сабап, өлүмүнө себепкер болгон" деген шек менен борбор калаанын 43 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу 8-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга Тыныстанов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен 50-55 жаштардагы жарандын жансыз денеси табылгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө каза болгон жаран П.Василий экени аныкталган. Маркум үйдүн алдында турганда таанышын жолуктуруп, экөө уруша кеткени, натыйжада кылмышка шектүү аны катуу сабап салганы белгилүү болгон.
Азыркы тапта "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан