Жылнаама, 9-февраль: Мындан 61 жыл мурун Жогорку Кеңештин экс-депутаты, меценат Аскар Салымбеков туулган

* Мындан 61 жыл мурун, 1955-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3-4-чакырылыштарынын депутаты, Бишкектин экс-мэри, меценат Аскар Салымбеков Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында туулган. КМУнун тарых факультетин бүтүргөн. Дене тарбия институтунда Комсомол комитетинин катчысы болуу менен эмгек жолу башталган. Кийин Кыргызстан комсомолунун Борбордук комитетинин аппаратында бөлүм башчы, Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы болуп иштеген. 1991-жылы Бишкек шаарында атактуу "Дордой" базарын негиздеген. Аскар Салымбеков 1999-жылдан 2005-жылга чейин Нарын облусунун губернатору болуп иштеген. Ошондой эле ал республиканын Спорт боюнча журналисттер федерациясынын президенти, "Көк бөрү" оюнун жаңыча уюштуруунун демилгечилеринин бири. "Дордой" футболдук жана көкбөрү командаларын негиздеп, аларга камкордук кылып, белгилүү спортчуларга, көрүнүктүү чыгармачыл инсандарга демөөрчү болуп, кайрымдуулук акцияларына да активдүү катышып келет.

* Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы Балыкчы шаарына жакын жерде BMW үлгүсүндөгү унаанын ичинен чыккан 2 кылмышкер артынан кууп келип токтоткон милиция кызматкерлерине ок чыгарышкан. Милиция кызматкерлеринин бири каза болуп, экинчиси оор жаракат алган. Аларды аткан кылмышкерлер Заур Магомедов менен Бердимурат Арчаевдин Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканадан качып чыгып, кылмышка барып жүргөндөрү белгилүү болгон. Кийинчерээк ал жана анын шериги Бердимурат Арчаев колго түшүрүүдө каршылык көрсөткөндүгү үчүн укук коргоо кызматкерлери тарабынан жок кылынган.

* Мындан 170 жыл мурун, 1846-жылы немис конструктору жана ойлоп табуучусу, алгачкы мотоцикл менен Мерседес унаасынын жаратуучусу Вильгелм Майбах Германиянын Хайльбронн шаарында туулган. Ал "Mercedes", "Maybach" компанияларын негиздеп, "конструкторлор падышасы" деген атка конгон.
Вильгелм Майбах 1929-жылы 29-декабрда 83 жашында Германиянын Штутгарт шаарында дүйнөдөн кайткан.

* Мындан 18 жыл мурун, 1998-жылы Грузия президенти Эдуард Шеварднадзеге Тбилиси шаарында кол салынган. Тбилисинин борбордук көчөсүндө президенттик кортежге гранатомёт жана автоматтык куралдан ок атылып, бирок брондолгон Мерседес Эдуард Шеварднадзенин өмүрүн сактап калган.

9-февралда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
RaHat19
2016-02-08 21:39:04
Аскар мырза сизди туулган кунунуз менен куттуктайм.Сизге узун омур чын ден-соолук каалайм.Сиздин кыргыз эли учун кылган кызматыныз ат которгус экенин кыргыз эли толук билет деп эсептейм.сиз тузгон спорттук командалар кыргыз сыймыгы.Сизди дагы бир жолу туулган кунунуз менен куттуктайм.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан