Түптөгү төрөт үйүндө каза болгон 10 күндүк ымыркайдын жакындары митингге чыгышат

Бүгүн, 9-февралда Түп райондук төрөт үйүнүн алдына жакында ооруканадан каза болгон ымыркайдын жакындары митингге чыгышат. Муну SUPER.KG`ге уюштуруучулар кабарлашты.

Эскерте кетсек, январь айында аталган төрөт үйүндө дарыгерлердин шалаакылыгынан улам 10 күндүк ымыркай каза болгону жарыяланган. Баланын ата-энеси ымыркай вакуумда күйүп калганын кабарлашкан эле. Саламаттык сактоо министрлиги "ымыркай вакуумда эмес, түйүлдүктөгү инфекциядан улам көз жумган" деп билдирүү жасаган. "Дарыгерлер "ымыркайдын энеси түрдүү илдеттер менен жабыркагандыктан бала каза болуп калды" деп жатышат. Мындан кийин энеси өз өмүрүнө кол салды. Бир нече ирет анализ тапшырып, таза чыкты. Эми алар күнөөлүү дарыгерлерге катуу жаза берүүнү талап кылышууда. Алар төрөт үйүнүн башчысынын кызматтан алынбай иштеп жатканына нааразы. Саламаттыкты сактоо министрлиги эмнеге үн катпай жатат?"- дешет уюштуруучулар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Rifle_2
2016-02-09 09:11:52
Өлгөн ымыркайды тынч койгула да. Митингке чыгып , анан башкы дарыгерди иштен кетирип эмнеге жетишесиңер ?
Ким күнөөлүү болсо ошону жазалагыла. Бир чычкак улак бир короону булгайт болгондой.
-10
mira28
2016-02-09 17:26:28
Rifle_2,мындан кийин да ушул сыяктуу окуялар кайталануусу мумкун.Главрачтын кайдыгерлигинен кол алдвндагы кызматкерлер начар иштешет чыгат да митинге.9ай которуп журуу онойбу.Акыркы кундордо алланы оозубузга тымбай алганы менен эл арасында кылмыштуклук толуп кетти.Закон менен жооп беришсин.
0
nazi25
2016-02-09 09:19:37
Митинге чыккыча кудайдан тилегиле дагы наристе беришин.
-8
samira8589
2016-02-09 16:46:02
nazi25,сиздин айтканыныз да туура дагы Аллахтан перзент беришин тилеш керек,бирок бирок митинге чыкканы деле туура себеби врачтардын айынан жагымсыз окуялар коп болуп жатат,алыска барбайын мен деле учёттогу врачымын айынан биринчи баламан айрылып калгам да,Аллах билет балким Аллахтын каалоосу, сыноосу болгондур.Аллахга шугур азыр экинчи балам бир жарым жашка чыгып калды
+1
vassabi
2016-02-09 09:34:34
жазасын бериш керек.
+4
aiza_84
2016-02-09 09:40:33
карга карганын козун чукубайт,саламаттык сактоо министри дагы ошолордун созун суйлойт,кимге айтып ,кимге арызданышыны дагы билбейсин,депутаттарга айтайын десен аларга дагы чай беришин керек болбосо кетип калышат башка олколорго Чай ичебиз дешип
+4
Inna_91
2016-02-09 09:49:29
Энэсине кудай сабыр берсин коп жыл куткон баласын жоготуп отурат эми минтип митинг дегени жакшылыкка алып барбайт
-5
Mars55
2016-02-09 10:01:11
митинг менен чечилсе
-3
modem4999
2016-02-09 10:02:33
Акыйкаттык жок болсо чыгышат да .
+3
Sezim.A
2016-02-09 10:40:30
Энеси да оз омуруно кол салды дейби ,Аллахым берген сыноону сабырдуулук менен гана женишибиз керек,айлабыз канча.
+2
boss1991
2016-02-09 11:50:07
акмактар. жазасын алышы керек. башкы дарыгерди кызматтан алуу эмес ошого катышкан акушерин, гинекологун медайымын кошо кызматтан алыш керек жана лицензиясын медицина кызматкери боло албайт деген бутум чыгарып бериш керек балчайтып
+1
boss1991
2016-02-09 11:50:39
азыр бир нерсе болсо энеге шылтоолошот, оздору чонтогуно акча салмай сайын карашпайт
+2
anyaza
2016-02-09 12:02:28
шалаакы дарыгерлерди жазага тартып камаш керек.акча учун эле иштеген акча бербесен карабаган дарыгерлер толтура муну баарынар эле айтпаса деле жакшы билесинер
+1
suiuktuujar
2016-02-09 12:10:31
Чындыгында дарыгерлерибиз бейтаптарга кайдыгер мамиле жасап калышты албетте арасында эл үчүн иштегени да бар.
+2
avaz-t02
2016-02-09 12:23:44
ХХХ ХХХ ХХХ... Антпесе кайталана берет бул корунуш!
+2
admin_portal
2016-02-09 12:36:00
avaz-t02 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
-2
jibew
2016-02-09 12:24:03
Жогорудагы коммент жазгандарга айтарым( жалан аял кишилер экен) озунорду ошол эненин ордуна коюп коргуло кандай акыбалда болгонунарды. Же силер учун бала тороо жумуртка туугандай эле жумушпу???
+6
bella.8712
2016-02-09 13:04:51
Коп эле врачтар жакшы мамиле кылышпайт,кайдыгер карашат бул жердеда врачтар куноолу болуш керек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан