Ысык-Көл облусунда милиция кызматкерлери тарабынан ыйгарым укуктардан аша чабуу фактысы табылды. Бул тууралуу 9-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2016-жылдын январында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу РИИБинин үч кызматкери өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып кетишкен. Алар Э.Б. аттуу жарандан "кылмышка кошо катышуусу мүмкүн" деп камоо жана жазык жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, андан 50 миң сом пара опузалап талап кылышкан. Бирок Э.Бнын акча каржаты жок болгондугу үчүн аны топоз сойгонго мажбурлашкан жана союлган малдын эттерин алып кетишкен.
Факт боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу” беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, облустук прокуратурага андан аркы териштирүүгө жөнөтүлдү.