Сокулук районунда өрт чыккан үйдөн эки адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 8-февралда Сокулук районунун Новопавловка айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Өрт чыккан жерден бул үйдө убактылуу жашап келген 1976-жылы туулган Максим Каракой жана 1988-жылы туулган Елена Нагорнаянын күйгөн денелери табылган. Өрткө тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.