“Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айылынын жолдорун "Сары-Таш" кенинин оор жүк ташуучу унаалары талкалоодо”. Бул тууралуу окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
“Жалпак-Таш айыл аймагынын жолунун 2 чакырымын оңдоо иштери 2015-жылы башталып, бирок каражат бөлүнбөй калгандыктан бүтпөй калган. Буга кошумча Сары-Таштагы кенди иштеткен ишкананын оор жүк ташуучу унаалары азыркы кезде жолду бузуп жатышат. Жер жумшак болгондугуна байланыштуу жеңил унаалар жүрө албай калды. Мындан улам жергиликтүү тургундар "маселе чечилбесе, чогулуп жолду тособуз" деп жатышат”,- деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.