Кыргыз өлкөсүнүн аймагында атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактаган жарандар кармалышты. Бул тууралуу 9-февралда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери Баткен облусунун 27 жаштагы тургунунун үйүндө тинтүү жүргүзүшкөн. Натыйжада андан ТОЗ-8 калибриндеги ок атуучу курал табылган. Ал эми Кадамжай районунун жашоочусу 43 жаштагы С.Н. аттуу жарандан 16 калибрлүү ИЖ-16 атуучу куралы алынган.
Мындан сырткары Талас облусунун Манас районунда жашаган 41 жаштагы А.К. 28 калибрлүү ок атуучу курал менен кармалды. Жогорудагы фактылар боюнча кылмыш иши козголду.