Дүйнөгө тез тарап жаткан Зика вирусу өбүшүүдөн да жугушу мүмкүн

Зика вирусу дүйнө жүзү боюнча тарап жатат. Өткөн аптада бул оору менен ооругандар 21 өлкөдө катталса, учурда 33 өлкөдө катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Зика вирусун дүйнөлүк масштабда кооптуу деп жарыялады. Айрым чоң адамдар аны тоготпойт, бирок кош бойлууларга вирус коркунуч жаратат. Себеби бул вируска чалдыккан кош бойлуу аялдан баш мээси жакшы өрчүбөй калган бала төрөлөт. Бүгүнкү күндө Бразилиянын тургундары вируска эң көп чалдыккан. Бул өлкөдө 1 миллиондон ашуун адам чалдыкса, 4 миңдей бала микроцефалия оорусу менен төрөлгөн. Зика вирусуна дары табыла элек.

Оорулардын алдын алуу америкалык борборунун адистери бейтаптардын шилекейинен жана заарасынан Зика вирусун тапканда ал бир гана чиркей аркылуу эмес, суюктук аркылуу жугат деген жыйынтык чыгарышкан. Бул божомол азырынча тастыкталбаганы менен, адистер анын чындыгына ишенишет. Эми медиктер өбүшүүдөн алыс болуп, жыныстык кошулууда сактанууну сунушташат.

Бразилиянын тургундары буга карабастан, өлкөдө карнавалга катышып, жылдагыдай эле майрамдашарын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Umar080814
2016-02-09 10:39:44
Жаман иш болсо эле Америка башында турат деп ойлойм,себеби эч кимге жакшылык кылган эмесда.
+6
Kyialbek.a
2016-02-09 10:53:08
Umar080814,Созуно кошулам бири бири менен кайраштырган вирусту таркатып кайра ваксинасын ойлоп чыккан да Америка кыскасы дуйнону калчап турат бир куну озуно да кайтат
+3
arman00
2016-02-09 10:40:26
olimpiyadada emi kanday bolot tarkap ketpese ele jakwy bolot
+1
Kyialbek.a
2016-02-09 10:42:51
Мунуда эбола сыяктуу эле атайын ойлоп чыгарыштыда онуккон олколор учун булда бизнес
+5
Maripa
2016-02-09 10:49:48
Эми өбүшө албай калабызбы?((((
0
warsaw.
2016-02-09 10:57:42
Maripa,күйөөң менен өбүшө берда... )))
+3
Mars55
2016-02-09 11:05:49
Ушул Еврейлер тойгозду го.Дагы золотой миллиард деп жанды кашайтат.Баардык ооруларды ушулар ойлоп табат.
+1
medina.
2016-02-09 11:11:47
14-февральда обушпогуло!)))
+1
malikam
2016-02-09 11:34:24
daaaa uwu Amerikadan alys ele boluw kerek
+1
zoichka
2016-02-09 12:03:52
Жанар менен шадиевди текшерип анан олкого киргизиш керек
+10
suiuktuujar
2016-02-09 12:04:27
Кудай сактасын кыргызстанымы кыргыздарымы аты өчкүр вирустан.
+4
bond0202
2016-02-09 12:07:18
шилекей аркылуу жукса обушпосон деле жугат экенда чогуу тамак жесен мисалы
+2
bolotbai3
2016-02-09 12:34:29
Эми ушул боюнча обушбой калабызбы?
-2
Gulya21
2016-02-09 14:20:55
Кыз жигиттер обушпогуло эми
+1
Gulya21
2016-02-09 14:37:59
Кореялыктардын "Сумасшедший" деген киносун кордум андада чиркейлерден жуккан ооруу бойунча экен волосчати деген ооруу адамдар суусуп коп суу ичишип суу учун оздорун токтото албай дарыяларга ташташып олот экен прафессорлорда оорууга каршы эчтеке таба алышкан жок ошондо "Виндазол" деген таблетка оорууга каршы деп айтат бироосу анан ошол таблетка мн айыгып кетишет ушул Зика ооруусуга каршы бир нерсе табылып калса экен
0
elgiz0890
2016-02-09 17:42:09
Gulya21,филимьдин атын айтып койосузбу
0
Sezim.A
2016-02-09 18:46:22
Жанар менен Шадиевди да албетте текшериш керек .Юлия менен суротко тушуптур го демекчимин.
-1
Svoboda83
2016-02-09 22:00:59
Любой жугуштуу орууну вирусту адамдар ойлоп табышат кайра эле ошол вируска каршы даарыны адамдар ойлоп табышат даары сатылат миллионер миллиярдерлердин кылышкан иши кыларга иштери жок зеригишет
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан