Өлкөдө 2015-жылы өспүрүмдөр тарабынан 1071 кылмыш катталганын 9-февралда ИИМдин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдирди. 2014-жылы 876 кылмыш катталган.
Өспүрүмдөр жасаган кылмыштар:
Бишкек шаарында 2015-жылы 208 (2014-жылы 163) кылмыш катталган. 27 факт боюнча кылмыш иши токтотулган.
Ош шаарында 2015-жылы 73 (2014-жылы 74) кылмыш. 16 факт боюнча иш токтотулган.
Чүй облусунда 2015-жылы 389 (2014-жылы 285) кылмыш. 42 факт боюнча иш токтотулган.
Ысык-Көл облусунда 2015-жылы 97 (2014-жылы 99) кылмыш, 49 факт боюнча иш токтотулган.
Нарын облусунда 2015-жылы 49 (2014-жылы 42) кылмыш, 3 факт боюнча иш токтотулган.
Ош облусунда 2015-жылы 97 (2014-жылы 52) кылмыш, 30 факт боюнча иш токтотулган.
Жалал-Абад облусунда 2015-жылы 86 (2014-жылы 88) кылмыш, 21 факт боюнча токтотулган.
Талас облусунда 2015-жылы 31 (2014-жылы 32) кылмыш, 8 факт боюнча иш токтотулган.
Баткен облусунда 2015-жылы 41 (2014-жылы 41) кылмыш, 3 факт боюнча иш токтотулган.