Былтыр өлкөбүздө 96 өспүрүм өз өмүрүнө кол салды. Маалыматты 9-февралда ИИМден SUPER.KG порталына билдиришти. Өз өмүрүнө кол салгандардын 58и эркек балдар, 38и кыздар.
Бишкек шаарында 2015-жылы өз жанын кыюу боюнча 5 окуя катталган. Өз өмүрүнө кол салгандардын экөөсү бала, үчөөсү кыз.
Ош шаарында 2 окуя катталган: экөөсү тең балдар.
Чүй облусунда 24 окуя катталган: он үчү балдар, он бири кыздар.
Ысык-Көл облусунда 12 окуя катталган: жетөөсү балдар, бешөөсү кыздар.
Нарын облусунда 7 окуя катталган: алтоосу балдар, бирөөсү кыз.
Ош облусунда 15 окуя катталган: ону балдар, бешөөсү кыздар.
Жалал-Абад облусунда 19 окуя катталган: он экиси балдар, жетөөсү кыздар.
Талас облусунда 2 окуя катталган: бирөөсү бала, бирөөсү кыз.
Баткен облусунда 10 окуя катталган: бешөөсү бала, бешөөсү кыз.