Ирак качкындары Германиядан күтүлгөндөй жардам көрбөгөн соң өз мекенине кайтышууда

Ирак качкындары Германиядан күтүлгөндөй жардам көрбөгөн соң өз мекенине кайтышууда. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалым болгондой, кайра Иракка кетүүгө аракет жасагандардын саны былтыр күз мезгилинен бери өсө баштаган. Учурда Германиядан Иракты көздөй жума сайын үч каттам учуп кетүүдө. Болжол менен ар апта сайын 100 качкын мекенине кайтып жатат. Ирактан келген качкындардын айтымында, аларга сириялыктарга караганда Германияда калууга бир топ кыйын.

Бул жерге үй-бүлөбүз менен көчүп келүү күйөөмдүн оюна келген. Ал башкалардын кетип жатканын көрүп алардын жолун жолдоону туура көргөн. Бул жерге келгенде ойдогудай жардам алган жокпуз. Тамак өтө аз жана начар болду. Кыштын күнү бизге кесим нан, сыр жана бадыраң беришти. Биздин балдар ачкалыктан ыйлап жатышты. Германияда 3 ай жүрдүк. Ушул маалда 11 миң доллар коротуп, бир тыйыныбыз жок калдык”,- дейт качкын.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан