Өткөн сутка ичинде Ысык-Көлдө ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлгөн рейдде мурда катталган 6 кылмыштын бети ачылып, маңзат менен бир адам кармалды. Мындан сырткары административдик укук бузуулар боюнча 5 протокол түзүлдү. Бул тууралуу 9-февралда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кош-Көл айылынын жашоочусунун бир баш коюн уурдоого шектелип 21 жаштагы Ж. уулу Азамат жана К.Адилет кармалды. Факт боюнча "уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.
Ысык-Көл РИИБине 2015-жылдын 7-сентябрында Бостеридеги эс алуу үйүнүн ээси кайрылган. Ал белгисиз адамдар кызматтык бөлмөсүнө кирип кымбат баалуу телевизорун уурдоого аракет кылышканын билдирген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, 5 айдан кийин кылмышка шектүү катары 24 жаштагы
У. уулу Бактыбек колго түшүрүлдү.